Президент: Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети

Президент: Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети

Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышып жатып айтты.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган пролукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту.

«Салкын» ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты. Чыгарылган продукциялардын көп бөлүгү Казакстандын жана Орусиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 адам жумуш менен камсыз болгон.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаякшымдарды чыгарган  «Пейванд» ЖЧКсынын иши менен да таанышты.  Мында 18 адам иштейт, продукциялар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө — Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга жөнөтүлөт.

Андан соң Президент айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү «Корона» ЖЧКсынын ишканасына барды. Ишканада 15 адам эмгектенет. 2019-жылдын биринчи жарымында чыгарылган продукциялардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан.

 Мамлекет башчысы бул ишкананын социалдык багыттагы ишкана экенин канааттануу менен белгилеп, өндүрүлгөн продукциянын сапаты өлкөнүн региондорун таза суу менен камсыз кылуунун сапатына тикелей таасир эте турганына көңүл бурду.

Ишканаларды кыдырууга президенттин кеңешчиси Олег Панкратов, экономика министри Санжар Муканбетов, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев катышты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>