Президент бир ууч топко кызмат кылбай турганын айтты

Президент бир ууч топко кызмат кылбай турганын айтты

“Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!”, — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда элдин суроолоруна жооп берип жатып.

Сооронбай Жээнбеков “бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам” деп убада бербегендигин билдирди.

“Мен элдин ишенимин алып, элдик Президент болом деп убада бергем. Президенттик ишим аяктагандан кийин эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Элимдин кызыкчылыгы, мамлекетибиздин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат. Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн. Бирок, Кудай мени элимди, жеримди, мамлекетимди саткандан сактасын”, — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>