Президент финансы министри Бактыгүл Жээнбаевадан бюджеттин чыгаша-кирешеси тууралуу маалымат алды

Президент финансы министри Бактыгүл Жээнбаевадан бюджеттин чыгаша-кирешеси тууралуу маалымат алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.

Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат берди.

Атап айтканда, Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат алды.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди. Бажы процедураларын автоматташтыруу жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Бактыгүл Жээнбаева: «Райондук борборлордун жана шаарлардын жолдорун капиталдык оңдоп-түзөөнү убагында бүтүрүү, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана реконструкция боюнча чаралар көрүлүп жатат — бардыгы болуп узундугу 139,8 км. Жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790,4 млн сом каражат керектелди, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 млн сом акча каражаты бөлүндү», — деп маалымат берди.

Мамлекет башчы бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен аткаруу, адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын курууга багытталган сот-укуктук реформаны камсыздоо боюнча жумуштарды өз убагында каржылоонун маанисин белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>