Президент карыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады

Президент карыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Өлкө башчысынын куттуктоосун Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.

“Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз. Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү —  азыркы муундун милдети. Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү. Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар”, — деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>