Президент Кыргызстандын бардык аймактарында кумаркана ачууну колдойт — видео

Президент Кыргызстандын бардык аймактарында кумаркана ачууну колдойт — видео

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында кумаркана ачууну колдойт. Бул тууралуу ал «Пирамида» телеканалына берген маегинде билдирди.

Өлкө башчынын айтуусунда, кыргыз жаранын киргизген кумарканалардын дароо лицензиясы алынат.

«Азыр «Ысык-Көлдө, анан Баткенде эле болсун деп эки аймак көрсөтүлгөн экен, бирок мен бардык аймактардын борборлорнуда ачууну депутаттарга сунуш кылгыла деп жатам. деп эки жерди көрсөткөн экен. Кептин ачыгын айтыш керек. Бизде казино 2015-жылга чейин эле иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойногонго акысы бар болчу. Жаш балдар барып, автомат ойноп, күнү-түнү дебей, акчасын уттуруп, ушундай мезгилдер болгон. Бирок ошону шылтоо кылып, ошол жылы айрым депутаттар, саясатчылар биригип алып, казинолорду шантаж кылышкан. Казино ээлери жаппайбыз, салык төлөп жатабыз дегенде, бир абзац мыйзам менен жаап коюшкан. Азыркы мыйзам долбооруна мен «Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт дегенди мыйзамга киргизгиле», — деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат», — дейт Жапаров.

Орозо айында кумаркана ачууга уруксат берүү арам деп айткандарга мамлекет башчы төмөндөгүдөй жооп берди:

«Арак, чочконун этин саткандардан салык алабыз, ал эмне арам эмеспи, ага караганда казино ачуу жакшыраак болуп жатпайбы. Учурда бизден акча чыгып, бирок кирбей жатат. Ошондуктан чет элдиктер келсин дагы ойноп акчасын таштап кете берсин. Биз кумаркана ачууну каалагандардын «5 жылдыздуу» мейманканасы болсун деп жатабыз, андай мейманканасы жок болсо, эгер ачууну кааласа «5 жылдыздуу» мейманкана курсун», — деди Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына чет элдиктер үчүн кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Дастан Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков.

Кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө жол ачкан атайын административдик райондун аймагында алынган кирешенин 40% Кыргызстандын бюджетине, калганы инвесторго тиешелүү болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>