Президент Мамкаттоонун 10 жылдык юбилейи менен куттуктады

Президент Мамкаттоонун 10 жылдык юбилейи менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 25-октябрда, Президентинин аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада окуду.

“Элге ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы — калк менен өтө тыгыз иштеген мамлекеттик орган болуп калды. Каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү”, — деп жазылат мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>