Сооронбай Жээнбеков: Саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам

Сооронбай Жээнбеков: Саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам

«Баардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде.

Мамлекет башчысы шайлоо өтүшү керекпи же жокпу деп саясий чөйрөдө абдан катуу талкуу болгонун айтып, болушу керек деп чечим кабыл алынганын белгиледи.

«Туруктуу иштеген мыйзам чыгаруу органы, аткаруу бийлиги болушу керек. Ал иштеши керек. Кандай иштейт, ал башка маселе, өзүнчө талкуулай турган тема. Бирок, мамлекеттин өнүгүүсү, алдыга жылуусу, элибиздин күнүмдүк социалдык, экономикалык талаптарын аткаруубуз үчүн бардык бийлик бутактары туруктуу иштеши керек. Бул мамлекеттин туруктуулугу жана келечеги. Азыр шайлоо өткөрүү боюнча бул процесстер өлкөдө жүрүп жатат. Негизги максатыбыз — бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөзүп, эң негизгиси элибиздин келип, эркин, каалаган партиясына добуш беришин камсыз кылуу», — деди президент.

Азыр өлкө шайлоо процессинин активдүү фазасына киргенин, буга байланыштуу шайлоого катышам деген саясатчылардын да жоопкерчилиги артканын белгиледи.

«Мына ушуну саясатчыларыбыз эстен чыгарбай, жоопкерчилигин терең түшүнсө деген ойду айткым келет. Туура, менден — Президенттен, коомчулук, жарандарыбыз, элибиз ошол эле саясатчыларыбыз таза, ачык шайлоону талап кылып жатышат. Талап кылганды билгендер, өз милдетин да билиши керек. Болбосо, бизде өз укугун абдан жакшы билип, бирок коом алдындагы милдетин унутуп койгон, же билгиси келбегендер да бар», — деп өзгөчө токтолду Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок, башканын укугун тааныгысы келбегендер да бар.

«Демократия эмнеси менен күчтүү? Демократия — бул көпчүлүккө азчылык баш ийүүсү менен күчтүү. Бизде болсо кээде азчылык көпчүлүк чечип жатса дагы, жок андай эмес деп, анын башка, радикалдуу жолун издеп, көпчүлүккө өзүнүн оюн таңуулагандар болуп жатат. Демократиянын эң негизги принциби — азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Ошонусу менен демократия», — деп белгилеген Мамлекет башчысы, шайлоонун таза, ачык өтүшү Президенттен же Борбордук шайлоо комиссиянынан гана көз каранды эмес экенин кошумчалады.

«Баарыбыз ынтымакта, бул олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек. Ал эми мен, Президент катары, менден мыйзам алкагында шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө эмне талап кылынса, аларды аткарып жатам жана аткарам. Менин негизги милдетим ушул», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>