Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө  башчы куттуктоо сөзүндө, бүгүнкү майрам ээлерин мекендин сырткы чегин ишенимдүү кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылып жатканын баса белгилеген.

«Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антка негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем», — деген президент.

Мамлекет башчы чек арачылар көптөгөн эрдиктерди жана каармандыктарды көрсөткөнүн белгилеп, кызматкерлерге жана алардын жакындарына бекем ден соолук каалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>