Президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-18-октябрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.

Өлкө башчысы ошондой эле, Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушат жана  Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>