Президенттин портрети менен “ойногон” кызматкерлер жоопко тартылат

Президенттин портрети менен “ойногон” кызматкерлер жоопко тартылат

Президенттин портрети менен “ойногон” кызматкерлер жоопко тартылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык түйүндөрдө мэрияга караштуу ишкананалардын биринде эмгектенген кызматкерлердин президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен “ойногон” видеосу пайда болду.

«Көп узабай, мэриянын жетекчилиги тарабынан оперативдүү түрдө реакция болду. Кезектеги жыйын учурунда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана “Бишкек парковкалары жана токтомолору” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошевге тартип бузган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде, керек болсо иштен кетирүү боюнча, чара көрүү тапшырмасын берди», — деп жазылат маалыматта. 

Такталгандай, видеодогу жигиттер “Бишкек парковкалары жана токтомолору” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери. Алар, өз кезегинде коомчулуктан кечирим сурашты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>