Президенттин жаңы басма сөз катчысы Нуркамал Асканованын өмүр баяны

Президенттин жаңы басма сөз катчысы Нуркамал Асканованын өмүр баяны

Нуркамал Асканова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка кечээ, 1-февралда президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган президенттин басма сөз катчысынын өмүр баяны.

Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы  8-Март айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

1993-жылы Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. КТРКнын дээрлик бардык редакцияларында иштеп, бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган:

— 2000-2006-ж.ж. — «Шок-Факт» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;

— 2002-2008-ж.ж. — укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссеру;

— 2003-жылы Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү  институтунан  таалим алган;

— 2007-жылы — дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген  «Кайдасын?» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

— 2013-2014-ж.ж. — Россия Федерациясынын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган «Кыйырдагы кыргыздар» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

Россиянын «Биринчи каналындагы» «Жди Меня» программасы  менен,  2017- жылдан бери Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн «Жди Меня» долбоору менен ийгиликтүү кызматташып келген.

— 2021-жылы февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн «Маалымат» бөлүмүнүн баяндамачысы.

— 2021-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

Сыйлыктары:

— 2003-2014-ж.ж. НТРК, УТРК, КТРК Ардак Грамотасы;

— 2006-жылыТВ отличниги;

— 2007-жылы «Жылдын мыкты долбоору»;

— 2010-жылы «Мыкты журналист»;

— 2015-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери»;

— 2019-жылы КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

— 2019-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>