Пригородный айылында 15тей аял өздөрүн өрттөөгө даярданууда

Пригородный айылында 15тей аял өздөрүн өрттөөгө даярданууда

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратында 15тей аял өздөрүн өрттөгөнү жатат. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармакка жазып чыкты.

Билдирүүгө таянсак, аялдар үч жыл мурун коммерциялык банктардан насыя алышкан, бирок насыяларын убагында төлөй алышкан эмес. Акциянын бардык катышуучулары жалгыз бой энелер жана үйлөрүн алдырып коюу коркунучу жаралган. Мындан улам  үч жылдан бери топтолгон пайыздык карыздарды жоюуну талап кылышууда.

Алар учурда айыл өкмөттүн имараттын ичине кирип, бөтөлкөлөргө куюлган бензиндер менен өздөрүн өрттөй турганын билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>