Прокуратура: Эки адамды мыкаачылык менен сабагандарды милиция алып кеткен

Прокуратура: Эки адамды мыкаачылык менен сабагандарды милиция алып кеткен

Жал кичи районундагы дүкөнүнүн жанынан эки адамды мыкаачылык менен сабагандарды милиция кызматкерлери алып кеткен.  Бул туралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Ленин райондук прокуратурасына таянып жазды.

Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган соң окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын патрулдук-кайгуул кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

Андан сырткары, окуя болгон жерге Чүй облустук милициясынын Б.К. аттуу кызматкери да келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К. аттуу жарандарды кылмыш болгон жерден алып кеткен.

Чүй облустук милициясынын кызматкерлерине  Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмышты жашыруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык милициясы учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, “маалымат такталган соң кабарлайбыз” деп,  Репортер агенттигине убада кылды.

Буга чейин шаардык милиция кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович экенин аныктап, аларга издөө жарыяланганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>