Путин эки өлкөнүн жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Путин эки өлкөнүн жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Журналисттердин Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Орусиянын мамлекет башчысынын ортомчулук кылуусу мүмкүнбү деген суроосуна:

“Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы көтөрүлгөн олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук кылууга дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет”, — деп жооп берди Песков.

29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарынын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал эки мамлекеттин аскерлеринин куралдуу тирешүүсүнө чейин жетти.

«Учурда биз аткарылган дипломатиялык иштерге жана ок атууну токтотуу боюнча чечимге оң баа беребиз. Биз бул чечимди кубаттайбыз», — деди Песков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>