Райымбек Матраимов жеке бейтапканада дарыланууда

Райымбек Матраимов жеке бейтапканада дарыланууда

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкек шаарындагы жеке «Бикард» кардиологиялык клиникасында дарыланууда. Бул тууралуу бейтапкананын өкүлү Елена Баялинова маалымат каражаттарынын бирине билдирген.

Анын айтымында, Матраимов ооруканага кан басымы оор абалда келип түшкөн. Кан басымы улам түшүп, көтөрүлүп, абалы туруктуу болбой жатат.

“Ал шашылыш түрдө текшерүүгө алынып, коронарография жасалууга муктаж. Балким, башка да анализдер талап кылынат, бөйрөк кан тамырлары текшерилет. Абалы ушундай болгондуктан жакшы болуп калгыча медициналык кароого алынат», — деген дарыгер.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов 24-февралда кан басымы көтөрүлүп ооруканага жаткырылган.

Коррупцияга айыпталып келаткан Райымбек Матраимовду УКМК алгач кармаганда ал тергөө менен кызматташып, күнөөнү моюнуна аларын айткан. Анын натыйжасында 2 млрд. сом кенемтени мамлекетке кайтарган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Соттун мындай чечимине коомчулуктун нааразылыгынан кийин президент Садыр Жапаров Матраимовго байланыштуу иштер дагы улантыларын айткан.

18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган. Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>