«Республика» парламенттик шайлоого даярдыгын токтотту

«Республика» парламенттик шайлоого даярдыгын токтотту

«Республика» партиясы шайлоого болгон даярдыктарын токтотот. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Мирлан Жеенчороев 24.kg маалымат агенттигине билдирген.
Ал азыр баардык каражатты пандемия менен күрөшүүгө коротуу керектигин айтып, ушундай шартта шайлоого 800 миллион сомду сарптоо туура эместигин билдирген.

«Мен БШКны түшүнбөйм, бейтаптар 40-50 болгондо, беш шаар жана 25 аймактагы шайлоону жылдырып салган. Ал эми азыр пандемия бүт өлкөнү кучагына алганда унчукпай отурушат,» — деген Мирлан Жеенчороев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>