Рогун ГЭСи курулуп жаткан аймакта жер көчтү

Рогун ГЭСи курулуп жаткан аймакта жер көчтү

Тажикстанда Рогун ГЭСи курулуп жаткан аймакта жер көчтү. Көчкүнү видего тартып «Озоди» радиосунун редакциясына жөнөткөн курулуш кызматкеринин айтымында, бул кырдаал электр станциясынын курулушунун мөөнөтүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

ГЭСтин курулушуна жооптуу аткаминерлер ири көлөмдө көчкү жүргөнүнө карабай, иш графиги өзгөрбөгөнүн, курулуш кадимки ыргагында жүрүп жатканын айтышты. Алардын пикиринде, көчкүнүн жүрүшүнө соңку эки жер титирөө себеп болгон болушу ыктымал.

ГЭС курулушунун техникалык директорунун орун басары Мурод Саъдуллоев маалымдагандай, көчкү 25-январда жүргөн. Азыр да таштар бир аздан кулап түшүүдө. «ГЭСтин эки агрегаты иштеп туруусу үчүн бул районго убактылуу суу тосмо орнотконбуз. Азыр жер көчкүнүн аралашмасы ошол тосмого түшүп, гидроагрегатты бузуп салбасын деп аракет көрүп жатабыз. Адистер менен бул маселени карап чыктык. Окуя алдыда курулуш иштеринин жүрүшүнө эч кандай таасирин тийгизбейт», — деди Саъдуллоев.

Бул арада редакцияга видео жөнөткөн кызматкер жер көчкү ГЭСтин агрегаттары жайгашкан аймакта түшкөнүн, плотинаны куруу иштери токтоп, бардык техника коопсуз жайга чыгарылганын айтты.

Рогун ГЭСинин курулушунун долбоору совет мезгилинде эле даярдалып, курулуш иштери өткөн кылымдын 80-жылдарында башталган. Тажикстандагы жарандык согуштан жана коңшу өлкөлөрдүн каршылыгынан улам долбоор токтоп калган. Курулуш 2016-жылы гана кайра жанданган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>