«Росинбанк» «Керемет банк» болуп өзгөрдү

«Росинбанк» «Керемет банк» болуп өзгөрдү

«Россия инвестициялык банкы» («Росинбанк») «Керемет банк» деген аталыш менен Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Анда “Керемет Банк” деген аталыш 3-октябрда аталган банк тарабынан берилген  өтүнүч катынын негизинде алмаштырылганы жазылат.

Банктын расмий сайтындагы маалыматка карганда, банктын акцияларынын 95 пайыздан ашыгы Улуттук банкка тиешелүү. Калганына акционерлер ээлик кылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>