Орусия Тажикстанга армиясын модернизациялоого көмөктөшөт

Орусия Тажикстанга армиясын модернизациялоого көмөктөшөт

Орусия Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоого көмөктөшүүнү улантат. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында маалым болгонун ТАСС басылмасы жазды.

«Биз аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык, анын ичинде Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоодо Орусиянын жардамы жөнүндө макулдашуулардын аткарылышын карап чыктык. Биз пландаштырылган иштерди белгиленген мөөнөттө толугу менен аткарабыз”, — деген Орусиянын тышкы иштер министри Лавров.

Анын айтымында, Тажикстан менен аскердик чөйрөдөгү кызматташтык региондо болуп жаткан коркунучтарга байланыштуу өзгөчө мааниге ээ. Тагыраагы Афганистандан АКШ жана НАТОнун аскерлеринин чыгып кетиши менен жарала турган кырдаал.

Мындан тышкары, Орусия Тажикстанга Ооганстан менен чектеш жерде жаңы чек ара заставасын курууга көмөк көрсөтөт. Учурда эки мамлекеттин өкмөттөр аралык келишими кол коюуга даярдалууда.

Белгилей кетсек, Орусия менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында орун алган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>