Руслан Чойбеков тергөө аяктаганга чейин камакта болот

Руслан Чойбеков тергөө аяктаганга чейин камакта болот

Алдамчылык боюнча кармалган мурдагы депутат Руслан Чойбеков тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырылд. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө иши бүткүчө камакка алынды.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ал 16-сентябрда кылмышка шектүү катары кармалган. Ал эми кечээ ушул иштин алкагында Свердлов районунун мурдагы акими, азыркы Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>