Сүйүктүүсү бар, шарты жок жигиттер бекер үйлөнөт

Сүйүктүүсү бар, шарты жок жигиттер бекер үйлөнөт

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда ата-энеси жок же атасы каза болуп калган, турмуш шартына байланыштуу үйлөнө албай жургөн 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу  Тогуз-Торо райондук ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчиси Лолита Турдалиева билдиргенин «7tv.kg» жазды.

Анын айтымында, тойдун баштан-аяк чыгымын арабиялык уюмдар каржылап жардам берет.

«Арабия мамлекетинен келген туугандар орозо айы бүтөөрү менен бүт чыгымын өздөрү көтөрүп, үйлөнтүп бергенге шарт түзүп бергени жатышат. Үйлөнүү-үлпөт той Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү. Жогорудагы критерийге туура келген жаштар ЖААК бөлүмүнө кайрылса болот», — дейт бөлүм башчы.

Ошондой эле, Тогуз-Торо районунун ЖАККПКнын бөлүмүнө биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий кат жөнөткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>