Сүйүн Өмүрзаков Сузактагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарды кыдырды

Сүйүн Өмүрзаков Сузактагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарды кыдырды

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга барып, коюлган атайын блок постторду текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп, кошумча нускамаларды берген.

«Министрдин орун басары элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, кызматкерлерди өздөрү дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Сузак районунун Благовещенск, Орто-Азия жана Бостон айылдарына 19 пост коюлган.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>