Сүйүнчү! Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, Өкмөт ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт

Сүйүнчү! Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, Өкмөт ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт

Өкмөт үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 000 (элүү миң) сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.

Бул жардам үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим берүү, тарбиялоо, коопсуздук маселелерин чечүү боюнча чаралар Кыргыз Өкмөтүнүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Өкмөт социалдык коргоонун жана балдарды коргоонун  институционалдык механизмдерин жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. Бул балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөт, аларга айлык акы төлөө маселеси чечилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>