Садиков: Шайлоого келбегендерди жазалаш керек

Садиков: Шайлоого келбегендерди жазалаш керек

Жарандарды шайлоого барууга милдеттендирүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Садиков билдирди.

Ал шайлоого барууга ар бир жаран милдеттендирилүүсү керек, бирок кимди тандоо керектигин өзү билүүсү — укугу болуусу керектигин айтат.

“Жарым жылда чоң шайлоолорду өткөрдүк ага өтө ири суммадагы акчалар бөлүндү. Бирок ага адамдар өтө аз, 30-40 пайыз гана келди. Менин мындай сунушум бар, шайлоону милдеттүү жана укук кылып бөлсөк. Шайлоого келүү милдет болуусу керек, анан кимди тандайт ал укугу болуусу керек. Антпесе ушунча акча ысырап кылып атабыз, коррупцияга да жол берилүүдө. Ушул сунушту эске алсаныздар, шайлоого атайын бир мыйзам киргизбесек болбойт. Шайлоого келүү ар бир кыргыз жаранынын милдети болуусу керек. Буга атайын бир административдикпи, кандайдыр бир чара көрүлүүсү керек”, — деди Улугбек Садиков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>