Бүгүн “Алай” АФК кубогунун алкагында Тажикстанда беттеш өткөрөт

Бүгүн “Алай” АФК кубогунун алкагында Тажикстанда беттеш өткөрөт

Футбол боюнча Оштун “Алай” клубу АФК кубогунун тайпалык баскычынын алгачкы турунда Өзбекстандын “Насаф” командасы менен ойнойт.

Беттеш Тажикстандын Душанбе шаарында өтүп, саат 18:00дө башталат.

Оштун командасы кийинки оюнун 17чи майда Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасына каршы өткөрөт. Ал эми 20-майда талаа ээлери болгон “Худжанд” менен беттешет.

Белгилей кетсек, буга чейин “Алай” клубунун оюнчуларын Душанбеде тажик топуларды кийгизип тосуп алышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>