Садыр Жапаров Аламүдүндөгү мектептин курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Аламүдүндөгү мектептин курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылындагы «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган билим берүү комплексти курууну Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылоодо.

Комплекске 500 орундуу  мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит,  футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет.

Мектептин жаңы окуу жылына — 2021-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө  президенттик шайлоодо анын талапкерлигин колдогондору үчүн ыраазычылыгын билдирди, эми бардык күч-аракетин алардын ишеничин актоого жана  өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи.

Ошондой эле ал, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына Кыргызстан үчүн оор кырдаалда  социалдык объектилердин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Коюлуп жаткан биринчи кыш өлкө боюнча курулуштардын башталышынын белгиси болсун. Инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, анда алар өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык реконструкциялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги сырттан келген жардамдарды жана ички булактарды колдонуп, жакынкы эки жыл аралыгында бала бакчаларга, мектептерге жана ФАПтарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын баса белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>