Садыр Жапаров: Алмазбек Атамбаевдин унаасын өзүнүн «охраналары» аткылаган

Садыр Жапаров: Алмазбек Атамбаевдин унаасын өзүнүн «охраналары» аткылаган

Алмазбек Атамбаевдин унаасын аткылагандар өзүнүн «охраналары» болуп чыкты.  Бул тууралуу өкмөт башчылыкка жаңы бекитилген Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Мен кечээ күнү көрдүм, Алмазбек Атамбаевдин машинесин аткылабадыбы. 2 бала аткылап жаткан. Ал өзүнүн «охраналары» болуп чыкты. Ал ошондой сценарий кылып жасап, биздин кишилерди жаман атты кылып көрсөтүш үчүн атайын жасалган иш-чара болчу. Ал өзүнүн жакындары болуп чыкты”, — деди ал.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатканда Садыр Жапаровдун тарапкерлери делген адамдар тарабынан митинг үзгүлтүккө учуратылган.

Митинг башаламандыкка айланып, белгисиз адамдардын Атамбаевдин машинесин аткылап жатканы тууралуу видео тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>