Садыр Жапаров бүгүнтөн тарта президенттик кызматына расмий киришет

Садыр Жапаров бүгүнтөн тарта президенттик кызматына расмий киришет

Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаров ант берди. Иш-чара Коомдук биринчи каналдан түз алып көрсөтүлдү.

Ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Садыр Жапаров бүгүнтөн тарта президенттик кызматына расмий киришип баштайт.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенттери Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков баш болгон миңден ашуун конок келди.

Президенттик шайлоодо Жапаров 79,2% добуш алып, ишенимдүү жеңишке жетишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>