Садыр Жапаров Глазгого жеке менчик учак менен бардыбы?

Садыр Жапаров Глазгого жеке менчик учак менен бардыбы?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барды. Бул тууралуу «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Президенттин администрациясы кайсы жана канча каражатка, кимдин учагы жалданганы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Мамлекет башчыны ташыган «ТУ-154» үлгүсүндөгү учак техникалык жактан эскирип, эл аралык талапка жооп бербегендиктен, коопсуздуктан улам аталган өлкө кондурбасын билдирген.

2019-жылы декабрда бул учак ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарынан кайтарда абага көтөрүлө албай калган. Жарандык авиация департаменти ага учактын техникалык абалы себеп болгонун билдирген. Натыйжада Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация каттамдык учак менен кайтып келген.

Кыргызстандын бийлик башчыларын ташыган «ТУ-154» учагы 1993-жылы чыгарылган.

Айрым маалыматтарга ылайык, Садыр Жапаровго жакында жаңы учак алынат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар. Анда Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт жана чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушат.

Глазгодогу конференция климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин сунуштаганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлаган.

2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорулатууга бөгөт коюу максатында тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>