Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөштү

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөштү

Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров телефон аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөштү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактык өз ара аракеттер жана эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери каралган.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жана аны тез арада жөнгө салууну талкуулашкан. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абалды жөнгө салуу жана андан ары курчутууга жол бербөө багытында жетишилген келишимдер белгиленген.

Бардык талаштуу маселелерди кылымдарды карыткан достук, жакшы коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк маселелеринин негизинде чечүү керектиги баса белгиленген.

Мамлекет башчылары үстүбүздөгү жылдын март айында Ташкенттеги саммиттин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган бирдиктүү чечимдерди жана келишимдерди практика жүзүндө ишке ашыруу маселелерине токтолушкан.

Кабыл алынган милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу жана артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү үчүн интенсивдүү алмашууларды улантуунун жана өз ара аракеттенүүнү түзүүнүн маанилүүлүгү каралган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>