Садыр Жапаров Сочиде футбол жана муз аянттарына барды — сүрөт

Садыр Жапаров Сочиде футбол жана муз аянттарына барды — сүрөт

Садыр Жапаровдун Орусиянын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Орусиянын башчысы Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчылары кыргыз-россия эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашкан.

Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралган.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышкан.

Кечээ, 25-майда Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>