Садыр Жапаровду Түркияга кимдер коштоп кетти? Тизме

Садыр Жапаровду Түркияга кимдер коштоп кетти? Тизме

Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапар алкагында Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.

Мындан сырткары, саммит аянтчасында президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кыргызстандын делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;

— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>