Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Польшадан кармалды

Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Польшадан кармалды

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси, эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтин маалыматына караганда, Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин “Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу”, “Аалдамчылык” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал 22-май күнү Польшанын аймагынан Интерпол тарабынан кармалган.  Учурда Башкы прокуратура тарабынан Жапарованы экстрадициялоо маселесин караштырылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>