Садыр Жапаровдун Орусиядагы иш сапарына даярдык жүрүп жатат

Садыр Жапаровдун Орусиядагы иш сапарына даярдык жүрүп жатат

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек шайланган президент Садыр Жапаровдун Орусияга пландалган иш сапары тууралуу түшүндүрмө берди:

Садыр Жапаров өзүнүн алгачкы чет өлкөдө болчу иш сапарын Орусия Федерациясында өткөргөнү турат. Бул багытта даярдык жүрүүдө. Орус тарап менен иш-чаралардын убактысы, күнү, мазмуну белгиленип жатат.

«Жапаровду Орусия кабыл алууга даяр эмес» деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Коомчулукту мындай чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз».

25-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттердин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров шайланган президент Садыр Жапаров чет өлкөдөгү алгачкы сапарын Орусиядан баштоону пландап жатканын айткан.

Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы расмий сапары Казакстандан башталарын кошуна өлкөнүн президентинин расмий сайты 11-январда жазган. Анда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, расмий сапарга чакырганы, Жапаров чакырууну кабыл алып, мамлекет башчы катары биринчи расмий сапарын Казакстандан баштай турганын айтканы белгиленген.

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январга пландалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>