Садыр Жапаровдун улуу кантип каза болгон? Окуянын чоо-жайы

Садыр Жапаровдун улуу кантип каза болгон? Окуянын чоо-жайы

Жарандык активист Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Мусталиевдин каза болгондугунун чоо-жайын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал «Дастандын өлүмү заказ эмесби?» деген божомол келтирген.

“Дастан 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. Эки чийиндүү жерден «разворот» жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат. 
С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө. 

Бул саясий заказ эмесби деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулуномер 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду деп билдиришти жакындары. Дастан 14 август 1992 жылы туулган”, -деп жазган Аспеков. (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган, — ред).

«Садыр Жапаровдун уулу бүгүн түш ченде үзүлдү. Бир нече күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө болчу. 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги сынып, терисин тешип, өз нугунан чыгып кеткен. Кан көп кетиптир. Ачык жаракат деп сыпатталды», — деди сөөк дарыгери.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине Жапаровдун уулу эмне жаратан каза болгондугун айтып берген.

«Садыр Жапаровдун уулу бүгүн түш ченде үзүлдү. Бир нече күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө болчу. 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги сынып, терисин тешип, өз нугунан чыгып кеткен. Кан көп кетиптир. Ачык жаракат деп сыпатталды», — деген ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>