Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кетти. Анын ордуна ким болот?

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кетти. Анын ордуна ким болот?

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кетти. Бул тууралуу  «Репортёрго» өздүк булактар билдирди.

Маалымат булагыбыз Абдикаримов эмне себептен министрлик кызматтан кетип жатканын ачыктаган жок.

Анын ордуна саламаттык сактоо министри болуп Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева дайындалаары маалым болду.

Бул тууралуу Өкмөт расмий маалымат тарата элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>