Саламаттык сактоо министрлиги Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин айтты

Саламаттык сактоо министрлиги Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин айтты

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапар Исаков 16-авгсуст күнү абалы кескин начарлап ооруканага жеткирилген.  Ага кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз коюлган.

Социалдык тармактарда «Исаковдун диагнозун так аныктай албай жатышат» деген кептерге чындыкта дал келбей турганын министрлик белгиледи.

Ал Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишке байланыштуу өткөн жылдын июнь айынан бери УКМКнан убактылуу кармоо жайында кармалып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>