Салык декларациясын өз убагында тапшырбагандар (тизме)

Салык декларациясын өз убагында тапшырбагандар (тизме)

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди атады. Ушул жылдын 3-октябрына карата 1202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес.

«Арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын 25, Жогорку Кеңештин 22, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 16, Каржы министрлигинин 13, Салык кызматынын 12 кызматкери бар. Мындан тышкары Адилет министрлигинин 7, ӨКМнын 7, Бажы кызматынын 6, ТИМдин 6, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 10, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 10, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  7, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 6, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын  6 жана башка органдардын кызматкерлери да бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, салык декларациясын тыпшырууу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>