Санкт-Петербургда эки унаа топ адамды коюп кетти. Алардын бирин кыргыз жараны башкарып бараткан (видео)

Санкт-Петербургда эки унаа топ адамды коюп кетти. Алардын бирин кыргыз жараны башкарып бараткан (видео)

Санкт-Петербургдагы Лермантов проспектиси менен Обводный көчөсүндө эки унаа кагышып жөө адамдар өтүүчү тилкеде бараткан адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык 23-октябрда болгон.  “Volkswagen” үлгүсүндөгү унаасы жол чырактын кызыл белгисине токтобой жолдон өтүп баратып, “Renault” үлгүсүндөгү унаасын сүзүп, андан ары эки унаа топ адамды коюп кеткен.

“Renault ” унаасынын айдоочусу аял киши болгон. Ал Ломоносов райондук администрациясында эмгектенет. Ал эми «Volkswagen» унаасынын айдоочусу 33 жаштагы С.К. аттуу Кыргызстандын жараны болгон. Ал Петербургга Волгограддан көчүп келген. Унаа сатуу ишкерлиги менен алектенет”, — деп жазылат маалыматта.

Милициянын маалыматына караганда бул окуядан 8 адам жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>