Сапар Исаков ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду

Сапар Исаков ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагын которулду. Маалыматты Репортер агенттигине  аталган түзүмдүн басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тастыктады.

“Бүгүн, 28-августта которулду. Абалы канаттандыраарлык”, — деди ал.

Ал эми жактоочу Заимр Жоошев Репортер агенттиги менен болгон аңгемелешүүсүндө, Исаковдун абалы жакшыра электигине токтолду.

“Бүгүн эрте менен оруканада жок экен. Кайда алып кетип калышканын билбейим. Учурда анын ден-соолугу жакшы эмес. Ден-соолугуна  байланыштуу Сапар Жумакадырович азыр өзүнчө олтура да, тура да албай жатат”, — деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 16-авгсуст күнү абалы кескин начарлап ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага“омуртка артериясынын синдрому” деген диагноз коюшкан.

Ал Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишке байланыштуу өткөн жылдын июнь айынан бери УКМКнан убактылуу кармоо жайында кармалып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>