«Саясий сүйүү»: Жапаровдун уулу Жээнбековдун кызына үйлөнөт

«Саясий сүйүү»: Жапаровдун уулу Жээнбековдун кызына үйлөнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков экөө куда болгону жатышат. Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаровдун уулу Асылбек Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү жатат. Той 20-декабрга белгиленген.

Ошондой эле алардын уул-кызынын сүйүүсү аталарынын саясий ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жоктугун, ортодо сүйүү себеп болуп жатканын өздүк булак кошумчалады.

Ал той кайсы жерде болоору жана аларга кимдер чакырылганы жөнүндөгү маалыматты ачыктаган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>