“Депортация кылдыртам”. Орусиялык белгилүү шоумен кыргыз мигрантка кол салды – видео

“Депортация кылдыртам”. Орусиялык белгилүү шоумен кыргыз мигрантка кол салды – видео

Vj Archi лакап аты менен таанымал орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков, Москвадагы тез-татымдардын  биринде чуу чыгарды. Окуянын видеосу интернетке тарап, кызуу талкууну жаратууда. 

Окуя, кечээ, 11-августта болгон. Анда тез-татым саткан жайга Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып кирген. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, талаштын аягы чууга айланган.

Видеодон ал оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, кыргызстандык мигрантты өлкөдөн депортация кылуу менен коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Жаңжал болгон жерге полиция кызматкерлери келген. Цветков аларга арыз менен кайрылып, укук коргоо кызматкерлери шоумендин даттануусун кабыл алышкан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>