Шайлдабекова: Парламенттик шайлоого 602 млн сом сарптоо күтүлүүдө

Шайлдабекова: Парламенттик шайлоого 602 млн сом сарптоо күтүлүүдө

Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат.

Жыйында парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча каражат сарпталары тууралуу маалымат айтылды.

«Биз шайлоонун болжолдуу сметалык суммасын түзүп жатабыз. Анда 602 миллион сом акча каражаты кетери пландалууда. Бул сумма өзгөрүшү мүмкүн. Ошондой эл аралык демөөрчүлөр жардам бериши мүмкүн.

Тактап айтканда, эл аралык өнөктөштөр үч багытга гана көмөк көрсөтө алат:1. Окутуу 2. техникалык 3. Маалыматтык колдоо», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Эске салсак, өлкөдө шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрдан 28-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>