Шайлоо-2021: Бир мандаттуудан кайсы облуста аял көп? (РЕЙТИНГ)

Шайлоо-2021: Бир мандаттуудан кайсы облуста аял көп? (РЕЙТИНГ)

Эң активдүү Ысык-Көл облусу. 3 шайлоо округунан 48 талапкер болсо, анын ону аял. Ал эми Таласта бир да аял шайлоого катышууга ниетин билдирген эмес. Бул туурасында маалымат Борбордук Шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.

  • Баткен облусу – 3 шайлоо округу, 40 талапкер, алардын төртү аял.
  • Ош облусу – 9 шайлоо округу, 71 талапкер, алардын үчү аял.
  • Жалал-Абад облусу – 7 шайлоо округу, 63 талапкер, алардын үчү аял.
  • Талас облусу – 2 шайлоо округу, 17 талапкер, бир да аял жок.
  • Чүй облусу – 6 шайлоо округу, 73 талапкер, үчү аял.
  • Бишкек шаары – 4 шайлоо округу, 38 талапкер, алардын төртү аял.
  • Нарын облусу – 2 шайлоо округу, 31 талапкер, алардын төртү аял.
  • Ысык-Көл облусу – 3 шайлоо округу, 48 талапкер, алардын ону аял.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>