Шайлоо-2021: Бишкектен кварталдык комитеттер кармалды

Шайлоо-2021: Бишкектен кварталдык комитеттер кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун эки муниципалдык аймактык башкаруунун кварталдык комитеттеринин төрагалары А.Т. жана Т.Н. саясий партияларга добуш берүү үчүн мыйзамсыз үгүт жүргүзгөнү аныкталды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аталган факты административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери уланууда.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>