Шайлоо-2021: Дагы эки партия шайлоого катышат (Тизме)

Шайлоо-2021: Дагы эки партия шайлоого катышат (Тизме)

Бүгүн, 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме «Ыйман нуру» жана «Ата Мекен» саясий партияларынан келип түштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ушуну менен алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген тогузунчу партия болду.

Буга чейин БШКга кайрылган партиялардын тизмеси:

  1. «Социал-демократтар»;
  2. «Ишеним»;
  3. «Улуттар биримдиги»;
  4. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
  5. «Жаратман эл»;
  6. «Альянс»;
  7. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы»

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин тапшырышы зарыл. Ал эми шайлоо жаңы Конституцияга ылайыкталып жана кайра иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Депутаттардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>