Шайлоо-2021: Кыргыз бийлиги орус жумуш берүүчүлөргө кайрылды

Шайлоо-2021: Кыргыз бийлиги орус жумуш берүүчүлөргө кайрылды

Кыргыз бийлиги Орусиянын бир катар шаарларында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарына 28-ноябрда өтө турчу шайлоого катышууга жумуш берүүчүлөрдөн мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн өтүнөт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск шаарларында, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында  убактылуу иштеп жүргөн кыргыз мигранттарына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн жумуш берүүчүлөрдөн өтүнөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Орусиянын бир катар шаарларына добушканалар ачылаары күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>