Шайлоо алдында милиция курал-жарактарды тапты

Шайлоо алдында милиция курал-жарактарды тапты

Базар-Коргондо мыйзамсыз эки ок атуучу курал табылды. Бул туурасында Жалал-Абад облусттук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук милиция каттоодо турган, мурда соттолгон 43 адам, чыр-чатак көп катталган 25 үй-бүлө текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзгөн. Ошондой эле милициянын участкалык инспекторлору өздөрү тейлеген аймактарда жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 2 даана ок атуучу курал алынган.

Паспорттук эреже боюнча 363 кожолуктан турган 1812 адам жана 185 мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилди. Ар түрдүү укук жана тартип бузган 42 адамга атайын протоколдор толтурулду.

Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер эл аралашып, улуттар аралык араздашуулардын, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, мал уурулуктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>