Шайлоо процессин 43 өлкөдөн келген эл аралык байкоочулар көз салууда

Шайлоо процессин 43 өлкөдөн келген эл аралык байкоочулар көз салууда

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоону 33 эл аралык уюмдарын өкүлдөндүргөн дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 277 эл аралык байкоочулар, 77 жарандык коомдон жана 16 саясий партиядан турган байкоочулар көз салып жатышат.

«Бул шайлоо процессине аялдардын жана жаштардын катышуусун күчөтүү боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Шайлоого даярдануунун алкагында шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү кыйла жогорулатылды: пандустардын жеткиликтүүлүгү 2017-жылы 27% дан 2020-жылы 78%га чейин жогорулады», — деп жазылат БШКнын маалыматында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>