Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 23-24-август күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө айтылгандай, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайынан Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>